<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
.Cm                  Fm        Cm
 Ырайым менен атты таңың нур чачып,
.                     Fm     Cm
 Ал жарыктан бүт жүрөгүм жаңырып.
.        Ab                B     Eb
 Булак көзүн оргуп жаткан таптым мен,
. Cm    Fm     Cm   G7    Cm
 Кубанычым бөксөрбөсүн түбөлүк.

[V2]
 Үмүт, максат алга мени жетелеп,
 Сөзүң менен Ыйык Рухуң дем берет.
 Жарык болуп бул өмүрдө жүрүүгө,
 Ыйса Теңир, Өзүң кубат бере көр.

[V3]
 Айтпасам да, жүрөгүмдү билесиң,
 Ой-санаамдын жүйөлүүсүн бир Өзүң.
 Ойготсоңчу кыргызымды, элимди,
 Куткарылсын, басчу жолун түздөсүн.

[V4]
 Шаттык ырым жүрөктөрдө жаңырсын,
 Жакшы Кабар бүт элиме тарасын.
 Башымды ийип, сураймын мен, Теңирим,
 Куткара көр, ар бир кыргыз баласын.</lyrics>
<title>Ырайым менен атты таңың нур чачып</title>
<key>Cm</key>
<author>Қабдешов Руслан</author>
</song>